• Башкы бет
  • Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны өстү,-Bloomberg
12:34, 2023-ж., 5-январь

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны өстү,-Bloomberg

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны өстү,-Bloomberg

Кытайда коронавирус күчөп, каза болгондордун саны өсүп кетти. Мындан улам крематорийлер сөөктөргө толуп калганын Bloomberg агенттиги жазды.

Пекиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Маалыматта Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде эле күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынып жатканы айтылат.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам декабрдын аягында Италия, АКШ, Жапония, Индия жана Малайзия өңдүү бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өткөн. Ага чейин катаал карантиндик шарттарга каршы нааразылыктардан улам кытай өкмөтү ооруга каршы чектөөлөрдү жеңилдеткен.

Ошол эле маалда Кытай бийлиги COVID-19 боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтоткон. Такталбаган кабарларга ылайык, өлкөдө күн сайын миллиондогон адам коронавируска кабылууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...