• Башкы бет
  • Өлкөдө гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат
12:50, -ж., 21-январь

Өлкөдө гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат

Өлкөдө гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат

Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында сарыктын В түрүнө каршы эмдөө акысыз жүрүп жатканын кабарлады.

“Жалпы 600 миң доза вакцина бар. Алардын 450 миңи гуманитардык жардамдын алкагында келген. Бюджеттик каражатка 150 миң доза алынган”, – деп билдирди министрлик.

Биринчи этапта эмдөө 2022-жылдын этегинде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 16-январынан тарта республиканын бардык аймактарында эмдөө башталды.

17-январга чейин Бишкекте 1636, Чүй облусунда 1642, Ош шаарында 1330 киши гепатиттин В формасына каршы эмделди. 23 жаштан 65 жашка чейинки бардык кыргызстандыктар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда сарыктын В формасына каршы акысыз эмделе алат. Эмдөө үч жолу бир ай жана алты ай аралыгында жүргүзүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салмамттык сактоо министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...