14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарынын Озгур айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды.Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.
ФАПта дарылоо бөлмөсү, УЗИ кабинети, алгачкы жардам көрсөтүү, эмдөө бөлмөлөрү, гинекологиялык отургуч бар. Бул мекемеде 4 медицина кызматкери иштейт.
Жергиликтүү тургундар бул мекеменин өз айылында ачылганына ыраазычылыктарын билдиришти. Белгилей кетсек, Озгур айылында 4000ге жакын калк жашайт.
Комментарийлер