• Башкы бет
  • Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө тыюу салынды,-министр
11:55, 2023-ж., 16-сентябрь

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө тыюу салынды,-министр

Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө тыюу салынды,-министр

Кыргызстанда айы-күнү жеткен аялдын күйөөсү же башка жакындарынын катышуусунда ишке ашуучу «өнөктөштүк төрөт» токтотулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын бүгүнкү 15-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Депутат Надира Нарматова толгоо тартып жаткан аялдын жанына күйөөлөрүн киргизип коюп, энелер кыйналып төрөй албай жаткандыгын айтты. 

«Төрөп жаткан аялдын үстүнө эркекти киргизбеш керек да. Азыр күйөөсүн киргизип коёсуңар. Мындай протоколду жокко чыгарып, тыюу салыш керек. Бул мусулманчылыкка да, христиан динине да туура келбейт. Эркек кишилердин баарын сыртка чыгарып туруп, анан аялды төрөтөт да. Ошонун айынан операция жолу менен көз жарып кыйналгандар көп болуп жатат. Бул сөздү айтыш уят эмес, төрөтү туура эмес болуп калууда»,- деди Нарматова.

Министр Бейшеналиев депутатка «мындай протокол жокко чыккан» деп жооп берди. 

«Муну өнөктөштүк төрөт деп коёт, биз аны жокко чыгардык. Учурда сиз айткандай күйөөсү да, башка бирөө да, эч ким кирбейт. Мурдагыдай системага келдик»,- деди министр.

Өнөктөштүк төрөт — бул толготуп жаткан аялдын жакындары жанында болгон учур. Төрөт маалында ага жолдошу же апасы колдоо көрсөтүү болуп саналат. Мындай практика баардык эле төрөт үйлөрүнүндө колдонулбаган менен кийинки күндөрү көбүрөөк жайыла баштады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өнөктөштүк төрөт

Комментарийлер

live comments feed...