• Башкы бет
  • Бир жума мурдагыга караганда дүйнөдө коронавирус көбүрөөк адамдардан аныкталган
15:24, 2022-ж., 12-октябрь

Бир жума мурдагыга караганда дүйнөдө коронавирус көбүрөөк адамдардан аныкталган

Бир жума мурдагыга караганда дүйнөдө коронавирус көбүрөөк адамдардан аныкталган

Өткөн жумада дүйнөдө коронавирус инфекциясын 3,2 млн адам жугузган. Бул өткөн ушул мезгилге караганда 0,7 млн көп. Бул тууралуу республикалык штаб ТАСС маалымат агенттигине шилтеме берип жарыялады.

Дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен акыркы 10 жумада ооруну жуктуруу азайып жаткан, бирок Европада COVID-19дун жайылуу темпи бир айдан бери өсүүдө.

Алдын-ала маалымат боюнча аймакта оорунун жаңы толкунунун башталышы тууралуу жарыялашкан.

COVID-19дан адам өлүмүнүн учурлары жумасына 10 миңден аз адам деңгээлинде кармалып турат. Ошол эле учурда Россияда оорунун азайганына карабастан, адам өлүмүнүн учурлары өсүп жатканы айтылды.

Ал эми Кыргызстанда 4-10-октябрда коронавирустун жаңы 90 учуру катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...