• Башкы бет
  • Орусияда мигранттар венерологиялык оорулар аныкталса акысыз дарыланат
14:54, 2023-ж., 11-январь

Орусияда мигранттар венерологиялык оорулар аныкталса акысыз дарыланат

Орусияда мигранттар венерологиялык оорулар аныкталса акысыз дарыланат

Орусияда «Сахарово» борборунда медициналык текшерүүдөн өткөндөрдөн оору аныкталса акысыз дарыламай болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Эл өкүлүнүн маалыматында эми мигранттар «Сахарово» миграциялык борборунда 5700 рублга медициналык текшерүүдөн өтөт. Текшерүүдөн кийин аларда венерологиялык оору аныкталса акысыз дарыланат.

«Сахароводо көп функционалдуу миграциялык борбордо мурда адамдар 5700 рублга текшерилчү эле. Эгерде кандайдыр венерологиялык ооруга шек саналса 5300 рублга дарыланат болчу. Андан ары атайын клиникада 18 000 рублга үй шартында дарылануудан өтчү. Азыр бир гана текшерилгенге 5700 рубль кетет экен. Эгер ооруга шек саналса же оору аныкталып калса акысыз дарылана турган чечим кабыл алынды. Эми ушул чечимдин кыйшайуусуз аткарылуусуна шарт түзүп, көзөмөлдөө керек» — деди Кадырбеков.

Буга чейин 7-декабрдагы парламенттин жыйынында Нуржигит Кадырбеков Орусияда медициналык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнөн жыныстык жол менен жугуучу оорулар аныкталып, аларды бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатышканын билдирген Аталган клиникада дарылануу кымбат болгондуктан, мигранттар кайрылып жатканын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Нуржигит Кадырбеков

Комментарийлер

live comments feed...