• Башкы бет
  • Covid-19: "Омикрон" штаммынын жаңы түрү эмнеси менен айырмаланат
17:00, 2022-ж., 22-июль

Covid-19: "Омикрон" штаммынын жаңы түрү эмнеси менен айырмаланат

Covid-19: "Омикрон" штаммынын жаңы түрү эмнеси менен айырмаланат

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында учурда дүйнөдө коронавирустун «Омикрон» штаммынын жаңы түрү «Кентавр» жайылып жатат. Бул вирус башкалардан активдүүрөөк жугушу менен айырмаланат. 

«Кентавр» деп аталып калган SARS-CoV2 мутациясы алгачкы ирет Индияда аныкталган. Бирок вирус башка өлкөлөргө — Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канадага жана азыр Россияга тез өтүп кетти.

Министрликтин билдиришинче «Кентаврдын» белгилери коронавируска окшош:

§дене табы жогорулайт;

§дененин алсыздайт;

§булчуңдар жана баш ооруйт;

§ашказандын ооруйт;

§жыт сезүү бузулбайт;

§жогорку дем алуу жолдору көбүрөөк жабыркайт, бирок пневмония сейрек өнүгөт.

Окумуштуулар оорунун алдын алуунун жолу катары эмдөөнү сунуштап жатат. Кыргызстанда июль айынын башынан бери коронавирус жуктургандар кескин көп каттала баштады. Бир күндө 80-90 адамдан инфекция аныкталып жатат.

Учурда өлкөдө вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын дээрлик бир жарым миллион жаран алган. Ал эми үчүнчү ирет же бустердик эмдөөдөн ушул убакытка чейин 230 миңден ашык адам өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...