• Башкы бет
  • Кыргызстанда кызамык жуктуруп алгандардын саны 5 миңден ашты
13:53, 2023-ж., 14-декабрь

Кыргызстанда кызамык жуктуруп алгандардын саны 5 миңден ашты

Кыргызстанда кызамык жуктуруп алгандардын саны 5 миңден ашты

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө кызамыктын 5532 учуру катталды.

Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде төмөнкүдөй болот:

Бишкек шаарында – 1637, Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абад облусунда – 1591, Талас облусунда – 101, Ысык-Көл облусунда – 83, Нарын облусунда – 68 учур катталды.

Бейтаптардын ичинен 87 пайызы эмдөөдөн өткөн эмес, 39 пайызы эмдөөдөн баш тарткан.

Кызамык вирусу эң көп Бишкек шаары, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталууда. Бул аймактарда эмделбеген балдар арасында кездешет. Башка аймактарда дагы активдүү очоктор бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#кызамык

Комментарийлер

live comments feed...