• Башкы бет
  • Казакстан: Акмола облусунда сибирь жарасын жуктуруп алгандардын саны өсүүдө
11:59, 2023-ж., 6-сентябрь

Казакстан: Акмола облусунда сибирь жарасын жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Казакстан: Акмола облусунда сибирь жарасын жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Казакстандын Акмола облусунда сибирь жарасын жуктуруп алгандардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, учурда аталган аймактын жугуштуу оорулар бөлүмүндө болгону 15 койка бар, калган куйдургу менен ооругандар коңшу райондордун ооруканаларына жонөнөтүлөт. 

Буга чейин, Акмола облусунун 12 тургуну сибирь жарасын жуктурган деген шек менен ооруканага жаткырылган. Бейтаптар менен 22 адамдын байланышта болгону аныкталып, алар райондук аймактык ооруканасынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени кабарланган. 

Аталган аймактын кире беришине учурда полиция кызматынын отряддары коюлуп, кирип-чыгуучу унаалар жана калк көзөмөлгө алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сибирь жарасы-Казакстан

Комментарийлер

live comments feed...