• Башкы бет
  • Bloomberg: Кытайда коронавирус 37 миллион кишиден табылды
15:34, 2022-ж., 24-декабрь

Bloomberg: Кытайда коронавирус 37 миллион кишиден табылды

Bloomberg: Кытайда коронавирус 37 миллион кишиден табылды

Кытайда 20-декабрга карата коронавирус инфекциясы 37 млн. кишиден табылды. Бул туралуу Bloomberg басылмасы өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып жазды.

Декабрдын башынан бери Кытайда коронавирусту 248 млн. киши жугузуп алган. Бул калктын 18 пайызын түзөт. Жыйындын протоколунда канча киши каза болгону айтылган эмес.

Bloomberg инфекциянын тез жайылышын Кытай бийлигинин COVID-19га карата саясатынын алкагындагы чектөөлөрдү жеңилдеткенине байланыштырууда.

Бул калктын иммунитети төмөн катмарында вирустун омикрон штаммынын жайылышына алып келген. Айрыкча борбор калаа Бээжиндин жана Сычуань провинциясынын жашоочуларынын жарымынан көбүнө жуккан.

Bloomberg басылмасынын маалыматынан кийин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин өлкөдө коронавирус инфекциясы боюнча абал көзөмөлдө экенин билдирди.

Кытай бийлиги ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп-тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Bloomberg

Комментарийлер

live comments feed...