13:44, 2022-ж., 13-декабрь

Чүйдө 6 мектеп карантинге жабылды

Чүйдө 6 мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунда балдар арасында сасык тумоо күчөгөндүктөн, 13-декабрдан тарта алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма кызматы кабарлады.

Мындай чечим мектептерде балдардын 20% окууга келбей жаткандыктан кабыл алынган.

Карантинге жабылган алты мектеп тең Аламүдүн районуна караштуу.

Буга чейин Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы башкы дарыгерлерге Кыргызстандагы жалпы бала бакча жана мектептерди кыдырып, абал менен таанышуу тапшырмасын берген.

Декабрдын алгачкы күндөрүндө балдардын вирустук жугуштуу оорулары 1,5 эсеге көбөйгөн. Ушул тапта ооруп жаткандардын 70% чукулу 14 жашка чейинки балдар. Бишкек менен Чүйдөгү балдардын ооруканаларына кошумча 200 орун ачылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чүй облусу

Комментарийлер

live comments feed...