14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстанда соңку апта ичинде сасык тумоологондор дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн бүгүн 13-декабрда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. 5-11-декабрь аралыгында сасык тумоо менен 14 миң бейтап катталган, ага чейинки аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.
Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар.
Мектептерде карантин киргизүү маселеси эгер окуучулардын 20% сабакка барбай жатса коюларын 13-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Комментарийлер