• Башкы бет
  • "Өзгөчө кырдаал": ДССУнун башчысы маймыл чечеги боюнча коңгуроо какты
14:52, 2022-ж., 25-июль

"Өзгөчө кырдаал": ДССУнун башчысы маймыл чечеги боюнча коңгуроо какты

"Өзгөчө кырдаал": ДССУнун башчысы маймыл чечеги боюнча коңгуроо какты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маймыл чечеги боюнча абалды «саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал» деп жарыялады.

ДССУнун акыркы маалыматына караганда, май айынан бери маймыл чечегин 70тей мамлекетте 16 миңдей киши жуктуруп алды.

Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорунун жайылышын өзгөчө кырдаал деп жарыялоо боюнча бир чечимге келе албагандыктан, жеке өзү ушундай чечим кабыл алганын белгиледи.Ал оорунун жугушу башка аймактарга караганда Европада жогору экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо — бул өкмөттөр кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизет дегенди билдирбейт, бирок өлкөлөрдү вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө түртүшү мүмкүн.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган.

Вирустун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт. Бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болуп, ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн. Оору эки же төрт жумада өзү айыгат, адам каза болгон учурлар да бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...