Economics
Чыпкалар
Чыпкалар
Economics
13:20, -ж., 24-март
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107%ды түздү. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айтты. Ал белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык инс...
Economics
13:01, -ж., 14-март
Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-мартта Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 млн 170 миң доллар саткан.
Economics
16:12, -ж., 28-февраль
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик са...
Economics
15:59, -ж., 28-февраль
Кыргызстанда 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жыйынында айтты. Жапаров илимий чөйрөнү жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешүүгө чакырып, экономикалык саясатка да илимий мамиле керектигин белгиледи. «Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5...
Economics
15:17, -ж., 14-февраль
Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы болуп өттү. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, жарандык сектордун, массалык маалымат каражаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Күн тартибинин алкагында Ош шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөр каралды. Бюджет маселеси боюнча депутаттардын сур...
Economics
15:21, -ж., 13-февраль
Салык кызматы 2023-жылдан тартып Кыргызстанда декларация тапшыруунун биринчи этабы башталганын билдирди. Анда тизмеге жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан башкалар дагы кошулганы кабарланды. Быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек: Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолук...
Economics
13:57, -ж., 6-февраль
Былтыры салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында бюджетке 19,7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген. Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр 22,8 млрд сомду түзгөн. Бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд сомго көп болгон. Былтыры салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы 4,1 млрд сом суммасында салы...
Economics
13:48, -ж., 23-январь
Былтыр эмгек акыларды жогорулатууга 32,2 млрд. сом сарпталып, маяна 200%га чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Эмгек акы маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо кызматкерлерине 200%, билим берүү кызматкерлерине 180% чейин кошулган. Ошондой эле: § медициналык кызматкерлерине 150% чейин; § мамлекеттик жарандык кызматчылардын 181% чейин; § муниципалдык кызматчылардын 177% чейин; § мамлекеттик кызматчылардын категориясына ки...
Economics
13:35, -ж., 18-январь
2022-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 10,5 млрд. долларды түзүп, мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 40,4% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин тышкы жана өз ара соода тууралуу бюллетенинде маалымдалды. 2021-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүү 7,5 млрд. доллар болгон эле. Анын 4,9 млрд. доллары импорт, 2,6 млрд. доллары экспорт болгон. 2022-жылдын январь-ноябрындагы со...
Economics
13:58, -ж., 17-январь
Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды. Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган. Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АК...
Economics
15:05, -ж., 14-январь
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. Ал өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарууда 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 919 млрд сомдон ашуун болгондугун билдирди. «2 жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өстү. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 438,1 млрд сомду түздү. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны 503 млрд сомго жет...
Economics
13:36, -ж., 13-январь
Кыргызстанда өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда кабарлады. Анын айтымында, 2021-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу өсүү 1,3 пайызды түздү. Маданият, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу, тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы жогорул...
Economics
13:24, -ж., 13-январь
Чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында 4 миңден ашык ишкер пайызсыз насыя алышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Каржы министрлиги былтыр ишкерлерге үстөксүз насыя берүү үчүн коммерциялык банктарга 1 млрд 756 млн сом бөлгөн. Анын эсебинен чакан жана орто бизнес ээлерине 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз кредиттер берилип жатат. Ушул эле, долбоордун алкагында 2023-жылга 2 млрд сом багытталды.
Economics
13:19, -ж., 13-январь
Мамлекеттик бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирди. Бул тууралуу кызматтын төрагасы Самат Исабеков 12-январда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында маалымат берди. Өкмөт 2022-жылдын башында Бажы кызматына 98,5 миллиард сом чогултуу планын койгон. Жыл этегинде бюджетке өзгөртүүлөр кирип, бажы тармагына коюлган пландын көлөмү 73,7 миллиардга түшкөн. Бул жааттан алып караганда, өткөн жылы бажы...
Economics
13:36, -ж., 12-январь
Улуттук банк соңку эң ири валюталык интервенциясынын себебин түшүндүрүп, буга жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш негиз болгонун билдирди. “Бул убакыт аралыгында, ошентип, өлкөнүн валюта рыногунда адатта чет элдик валютага айрыкча импортерлордун суроо-талабы жогорулайт”, - деп билдирди өлкөнүн башкы банкы. Буга өнүккөн өлкөлөрдүн борбордук банктарынын монетардык саясатынын катаалд...
Economics
14:47, -ж., 11-январь
2022-жылдын 11 айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө жеке адамдар 1 миллиард 82,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат которду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады. Четке акча каражат күз айларында рекорддук суммада чыккан. Сентябрда 170,4 млн., октябрда 160,4 млн., ноябрда 142,8 млн. доллар каражат которулган. Чет жактан Кыргызстанга которуулардын көлөмү 11 айда 2 миллиард 737,8 миллион доллар болду. Которуулар күз айларында дээрлик 18% азайып кеткен. Ноябр...
Economics
12:28, -ж., 5-январь
Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башчысы Кристалина Георгиева 2023-жыл дүйнөлүк экономиканын чоң бөлүгү үчүн оор жыл болорун айтты. Анткени, дүйнөлүк экономиканын үч негизги «мотору» — АКШ, Европа жана Кытайдын экономикалык өсүүсү басаңдайт, — деп билдирген CBS телеканалынын эфиринде. «Жаңы жыл биз артка таштаган 2022-жылдан да оор болот. Эмне үчүн? Себеби дүйнөнүн негизги үчилтиги АКШ, Европа жана Кытайдын экономикасы бирдей убакытта басаңдап жатат», — дег...
Economics
15:16, -ж., 3-январь
РИА Новости маалымат агенттиги талдоочулардын болжолдоруна таянып, 2023-жылы Орусиянын экономикасы төмөндөөнү улантарын билдирди. Бирок төмөндөө темпи өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2,8%дан 2,5%га басаңдайт, деп жазат "Марал" радиосу. 2022-жылы жазында Орусияга каршы көптөгөн санкция киргизилгенден кийин орусиялык ведомстволор да, эл аралык уюмдар да бул өлкөнүн экономикасы боюнча болжолдоолорду беришкен, анын баарында пессимисттик көрсөткүчтөр айтылат. Ору...
Economics
14:40, 2022-ж., 29-декабрь
Кыргызстанда быйыл улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалды. Бул тууралуу бүгүн 29-декабрда Жогорку Кеңеште «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомдун долбоору талкууланып жатканда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди. Анын айтымында, сегиз жолку интервенциянын, башкача айтканда, валюта базарына сатыкка доллар чыгаруунун жалпы суммасы 486,5 миллион доллар болду. Мындан тышка...
Economics
14:03, 2022-ж., 28-декабрь
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бул багытта иш алып барган чакан жана орто бизнес ээлерин колдоо үчүн микрофинансылык компания түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады. Микрофинансы компаниясы жеткиликтүү күрөөсүз насыяларды жылына 14-15% менен берет. Ишкана республикалык бюджеттен гана эмес, эл аралык каржы институттарынан, донордук уюмдардан да кошумча ресурстарды тартат. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-прези...
Economics
14:08, 2022-ж., 23-декабрь
“Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынды. Бул маалыматты 22-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады, деп жазат "Азаттык" радиосу. Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2023-жылдын 14-февралына чейин камакта болору маалымдалды, ал эмне себептен гауптвахтага киргизилгени айтылган жок. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме ушул айдын башын...
Economics
13:25, 2022-ж., 21-декабрь
Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, байге фондунда мурун 32 белек болсо, азыр 52 белек коюлду. 30-декабрда боло турган 3-утушта 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат. Баш байге – Бишкектен батир. Ошондой эле бир унаанын ордуна эки электромобиль ойнотулат. Лотереянын үчүнч...
Economics
12:40, 2022-ж., 7-декабрь
Ушул жылдын декабрь айынан тарта жылдык кирешеси 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи 5 жылга төмөндөтүлдү. Салык кызматынан билдиришкендей, бул чакан жана орто ишкердиктин колдоо, өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында ишке ашууда. «2022-жылдын 4-ноябрындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Бул жылдык кирешеси 30 млндон ашпаг...
Economics
12:26, 2022-ж., 7-декабрь
Улуттук банк кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 6-декабрда сатыкка накталай эмес 59,5 миллион доллар чыгарды. Буга чейин 16-ноябрда ушундай эле негизде 55,2 миллион доллар сатылган. Жыл башынан бери жалпысынан 14 жолу интервенция жүргүзүлдү. Анын жетөөндө Улуттук банк 399 миллион доллар сатса, калган жетөөндө накталай эмес 190 миллион доллар сатып алды. Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Ук...
Economics
13:25, 2022-ж., 2-декабрь
Улуттук банк Кыргызстанда PayPorter эл аралык акча которуу системасын каттады. Системанын оператору HIZLIPARA ÖDEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A. Ş. деп аталат. Түрк компаниясы толугу менен ата мекендик капиталдын негизинде түзүлгөн финансылык мекеме болуп саналат. PayPorter Түркиядан дүйнөнүн дээрлик 200 өлкөсүнө, анын ичинде Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Казакстан, Украина, Грузияга акча которууларды ишке ашырат. Компаниянын банктык жөнгө салуу жана...
Economics
11:39, 2022-ж., 30-ноябрь
Учурда Улуттук банктын карамагында 37,8 тонна алтын бар. Анын 13 тоннасы алтын-валюта резервинде, 23,7 тоннасы алтын корунда турат. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйында билдирди. Карабаеванын маалыматында алтын-валюта резервинде 57 миллиард сомдук, Улуттук банктын алтын корунда 108,4 миллиард сомдук алтын бар. 25-26-ноябрда өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров Улуттук банкта 38 тонна алтын сакталып турганын билдирген. Кум...
Economics
11:28, 2022-ж., 23-ноябрь
Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 2022-жылдын он айында донорлордон 12,1 миллиард сом алды. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн каржы министри Алмазбек Бакетаев билдирди. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар быйыл бюджетти колдоо үчүн канча каражат алуу пландалганына кызыгышты. «2022-жылдын 10 айында 12,1 миллиард сом алдык. Жыл соңуна чейин 30 мил...
Economics
18:16, 2022-ж., 21-ноябрь
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылга тартыштык жалпы 35,4 млрд сомду түзүүдө. «Дүйнө жүзүнүн бары 1988-жылы Эл аралык вальюта фонду бекитип берген методология менен иштейт. Ал 2001-жыл жаңырды. Ал методологияга ылайык, жыл бүтүп калса, бюджетке ки...
Economics
18:02, 2022-ж., 19-ноябрь
Улуттук банк Баткен облусунда жашаган же чарба ишин жүргүзгөн кредит алуучуларга документтер боюнча талаптарды жеңилдетүү эрежелери каралган токтом кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Токтомго ылайык, коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткендик жарандардын кредит алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароо жана кредит берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү сунушталган. Банктар кредит...
Economics
15:45, 2022-ж., 1-ноябрь
«Азаттык Медиа» мекемеси «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды. Аталган банктан «Азаттыктын» эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдиришкен. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. «Азаттык Медиа» ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу расмий түшүндүрмө...
Economics
14:32, 2022-ж., 26-октябрь
Баткен облусунун ишкерлери 217 млн. 270 миң сом жеңилдетилген насыя алганын Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, "Айыл банк" аркылуу жалпы 305 арыз канааттандырылган. Баткен облусун өнүктүрүү жана чек ара жаңжалдарынан жабыркагандарды колдоо максатында аймакты жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо долбоору бекитилген. Долбоорго ылайык, насыялар облустун чек ара аймактарында жашаган адамдарга жана ишканаларга берилет. Айыл чарба, өнөр жай, ка...
Economics
13:57, 2022-ж., 11-октябрь
Кыргызстанда быйыл январдан сентябрга чейин салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 148 млрд 125 млн сом жыйналды. Бул тууралуу премьер-министр Акылбек Жапаров менен болгон жыйында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилдерине салыштырмалуу 44,3 млрд сомго көп. Ошндой эле, салык жана төлөмдөрдөн 111 млрд 755,4 млн сом чогултулган. Кеңешмеде Акылбек Жапаров 2023-жыл...
Economics
14:40, 2022-ж., 3-октябрь
Экономика жана коммерция министрлиги 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотууну сунуштоодо. Министрлик коомдук талкууга алып чыккан долбоорго ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тартып, 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн (кошумча нарк салыгынан тышкары) бошотулат. 2024-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулат. Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салы...
Economics
14:50, 2022-ж., 30-сентябрь
Салык кызматы жыл башынан бери өлкөдө мүлккө салынган салыктан 2,2 миллиард сом топтолгонун билдирди. Анын ичинде транспорт каражатына салынган салык 678,4 миллион сомду түздү жана бул көрсөткүч былтыр ушул маалга караганда 110 миллиондой сомго көп. "Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97,3 млн. сомду (13,8 млн. сомго көп), турак эмес жайдыкы 692,9 млн. (126,7 млн. сомго көп) сомду түздү. Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктор...
Economics
15:20, 2022-ж., 30-август
Улуттук банк банк жана төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн QR-коддор колдонуларын жарыяланды. Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, 24-августта “Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, коммерциялык банктар, мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, алардын агенттери, 2022-жылдын 31-...
Economics
13:59, 2022-ж., 23-август
Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда "салыктык башкарууну жана банктык тейлөөнү санариптештирүү тыгыз кызматташууга муктаж экенин белгилеп, банктарды бул багытта жигердүү болууга, фискалдык түзүмдөрдү реформалоодо көмөктөшүүгө чакырды. Ошондой эле бул тармактын келечегине токтолуп, коммерциялык банктарда алтын жана күмүштүн өлчөнгөн куймаларын...
Economics
14:45, 2022-ж., 11-август
Орусиянын Борбордук банкы эмгек мигранттарынын чет жакка канча акча которгону тууралуу маалыматты купуя кармай турганын жарыялады. Бул тууралуу Борбордук банктын сайтында жазылган. Себеби айтылган эмес. Буга чейин Орусиянын башкы каржы жөндөгүчү ар үч ай сайын чет элге чыгарылган акча тууралуу маалымат берип келген. Соңку ирет мындай маалымат мартта берилип, 2021-жылдын статистикасына негизделген. Борбордук банктын расмий статистикасы тажикстандык ЖМКлар ү...
Economics
14:40, 2022-ж., 8-август
Өлкөдө коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 5 пайызга чейин комиссия алып жатат
Кыргызстанда коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 0,4 пайыздан 5 пайызга чейин комиссия алып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагаcынын орун басары Нурбек Жеңиш Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку геосаясий абалдан улам коммерциялык банктардын сырттан доллар сатып алуусунун чыгымы көбөйдү. "Буга чейин биздеги банктар долларды Орусиядан алып келген. Бирок Орусияга салынган санкциялар жана бул өлкөгө келип...
Economics
15:19, 2022-ж., 2-август
Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджетке 85 млрд. 988,9 млн. сом салык жыйнады. Мекеменин маалыматына ылайык, бул белгиленген пландан 1 млрд. 349,4 млн. сомго көп (101,6%), же болбосо былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 30 млрд. 442,1 млн. сом көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%). Мекеме планды ашыгы менен аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө иштеринин ма...
Economics
14:40, 2022-ж., 20-июль
Быйыл алты айдын ичинде бюджетке 104,5 миллиард сом түштү. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйында билдирди. Ал эми, мамлекеттик казынанын жалпы чыгашасы 148,7 миллиард сомду түзгөн. Бюджеттин киреше бөлүгүнө Бажы кызматынан 31 миллиард 726 миллион, Салык кызматынан 72,8 миллиард сом түшүп, былтыркыдан 53,4 %га өскөн. Чыгашалар 54,4 миллиард сомго көбөйгөн. «Буга чейин өсүш 9-12% болуп мындай өсүү темпи катталган эмес. Салык кодексин...
Economics
17:10, 2022-ж., 16-июль
Кыргызстанда калктын жашоо минимуму орточо 7 318 сомду түзүп өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Жашына карап бөлгөндө эмгекке жарамдуу курактагылардын бир айлык керектөөсү былтыр орточо 7 122 сом болсо, быйыл 8 195 сом болгон. Ал эми, пенсионерлердин бир айлык жашоо минимуму 6 542 сом деп эсептелди. Жашоо минимумун эсептегенде жалпы сумманын 65%ы бир айлык азык-түлүк товарлары...
Economics
14:20, 2022-ж., 11-июль
Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын бир кредитордон алган карызы өлкөнүн тышкы карызынын 45% ашпашы керек деп аныктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-июлда кол койгон “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомдо айтылат. Анда мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруунун жол-жобосу каралган. Кыргыз өкмөтү бул багытта бир кредитордун карызынын кескин көбөйүшүн алдын алуу чараларын аныктаган...
Economics
14:55, 2022-ж., 10-июнь
8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун катышуусунда “Глобалдык соода коомдоштуктарынын ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк: барган сайын санариптик дүйнөгө, барган сайын жашыл дүйнөгө карай” аттуу 25-Евразиялык экономикалык саммит өз ишин баштады. Ош шаарынын мэри өз сөзүндө Алмаз Мамбетов эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жана соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде бир тууган шаарлар менен эл аралык өнөктөштөрдү...
Economics
14:52, 2022-ж., 10-июнь
Салык кызматы жаңы салык кодексине ылайык 1-январдан тартып электрондук кызмат көрсөткөн бардык чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү экенин эскертти. Мындай өзгөртүүдөн улам, чет өлкөлүк уюмдар аралыктан салыктык каттоодон өтүшү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервиси ишке кирди. Ал чет өлкөлүк уюмга: § КНС төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө; § идентификациялык салык номерин алууга; § салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү...
Economics
14:49, 2022-ж., 10-июнь
Быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмү өткөн жылдагыга салыштырмалуу төмөн. Мындай статистика Улуттук банктын маалыматында айтылат. Өлкөгө эң көп акча которуулар Орусиядан түшөт. Мисалы былтыр март айында ал жактагы эмгек мигранттары 209 миллион доллар которгон. Быйыл бул айда 139 миллион доллар түшкөн. 2022-жылдын январь айынан мартка чейин Кыргызстанга жалпы 518 млн. доллар которуу болду. Акча которуулардын басы...
Economics
14:54, 2022-ж., 7-июнь
Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаарынын мэриясында каржы тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы катышты. Марс Исаевдин айтымында, каржы тармагынын кызматкерлери шаардын экономикалык өнүгүүсүндө чоң рол...
Economics
15:01, 2022-ж., 2-июнь
Улуттук банк 2-июнга карата АКШ долларынын курсун 79,5 сом деп бекитти. Бир күн мурда 81,5 сом болчу. Өткөн жумада Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын курсу кайра өсө баштаган. 27-майда 1 АКШ доллары 83-84 сомдон сатылган. 21-майда АКШ доллары акыркы эки жылда биринчи жолу 80 сомдон ылдый түшкөн. Дээрлик эки жылдай 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тарта кымбаттаган....
Economics
14:06, 2022-ж., 25-май
Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Биздин министрлик 11 банк менен кол койду, бул макулдашылды. Учурда 11 банк орто жана чакан бизнеске 1,5 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берилип жатат". Депутат Жалолидин Нурбаев бул маалымат айрыкча региондорго жетпей жатканына токтолуп, банктардын тизмесин жарыялоону, түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүнү...
Economics
10:50, 2022-ж., 22-апрель
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга климатка туруктуу суу кызматын жакшыртуу долбооруна 100 миллион доллар бөлө турганын билдирди. Банктын расмий сайтына жазылгандай, 19-апрелде Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова макулдашууга кол койгон. «Бул долбоорду каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу өтө жеңилдетилген шарттарда берилет. Каржылоонун жарымы кайтарымсыз гр...
Economics
12:10, 2022-ж., 19-апрель
Улуттук банк өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында акча которуулар системасы боюнча эрежелерге убактылуу өзгөртүү киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат. Улуттук банк Кыргызстандын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча талаптарды белгилеген....
Economics
11:57, 2022-ж., 14-апрель
Кыргызстанда быйыл орточо жашоо минимуму 6 813 сомду түзүп, 16,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Жашына карап бөлгөндө пенсионерлердин жашоо минимуму 6066 сом, эмгекке жарамдуу курактагылардыкы 7 612 сом деп эсептелген. Ал эми аймактарда эң жогору жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда 7 242, Ош шаарында 6 934 сом. Жашоо минимумун эептегенде жалпы сумманын 65%ы бир айлык азык-түлүк товарларынын үлүшү, 16 пайызы азык-түлүк эме...