• Башкы бет
  • Туризмди көнүктүрүү багытында микрофинансылык компания түзүлүшү мүмкүн
14:03, 2022-ж., 28-декабрь

Туризмди көнүктүрүү багытында микрофинансылык компания түзүлүшү мүмкүн

Туризмди көнүктүрүү багытында микрофинансылык компания түзүлүшү мүмкүн

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бул багытта иш алып барган чакан жана орто бизнес ээлерин колдоо үчүн микрофинансылык компания түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Микрофинансы компаниясы жеткиликтүү күрөөсүз насыяларды жылына 14-15% менен берет. Ишкана республикалык бюджеттен гана эмес, эл аралык каржы институттарынан, донордук уюмдардан да кошумча ресурстарды тартат.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев менен Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Акбаралиев кызматташуу меморандумуна кол коюу чечимине келишти.

Кардарлык базанын потенциалы да бааланат жана финансылык ресурстардын пландаштырылган портфелин өнүктүрүү үчүн микрофинансылык уюмдар арасында сынак жарыяланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Туризм

Комментарийлер

live comments feed...