• Башкы бет
  • Экономика менен илимди айкалыштыруу маселеси айтылды
15:59, 2023-ж., 28-февраль

Экономика менен илимди айкалыштыруу маселеси айтылды

Экономика менен илимди айкалыштыруу маселеси айтылды

Кыргызстанда 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жыйынында айтты.

Жапаров илимий чөйрөнү жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешүүгө чакырып, экономикалык саясатка да илимий мамиле керектигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар жана жыл сайын 700 млн сомго жакын суммада мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Жогорку окуу жайларынын 230 минден ашык студентинин потенциалы толук ачылбастан, экономикага начар тартылган. Ошол эле учурда билим берүүнү экспорттоо жакшы деңгээлге коюлган  – бизде 83 миңден ашык чет элдик студент бар. Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгы үчүн илимдин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдө илимди талап кылуучу тармактарды калыбына келтирүү иштери башталды. Жогорку илимий тармактар өлкөнүн экономикасын өстүрүүдө флагман болуп саналат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акылбек Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...