14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстанда быйыл орточо жашоо минимуму 6 813 сомду түзүп, 16,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Жашына карап бөлгөндө пенсионерлердин жашоо минимуму 6066 сом, эмгекке жарамдуу курактагылардыкы 7 612 сом деп эсептелген.
Ал эми аймактарда эң жогору жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда 7 242, Ош шаарында 6 934 сом.
Жашоо минимумун эептегенде жалпы сумманын 65%ы бир айлык азык-түлүк товарларынын үлүшү, 16 пайызы азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызы кызмат көрсөтүүлөргө, эки пайызы салыктарга кеткен акча болот. 2020-жылы мындай кызматтарга бир айга минимум 5 358 кетет деп эсептелсе, былтыр 6268 сом болгон.
Комментарийлер