14:08
-ж., 29-февраль
Чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында 4 миңден ашык ишкер пайызсыз насыя алышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Каржы министрлиги былтыр ишкерлерге үстөксүз насыя берүү үчүн коммерциялык банктарга 1 млрд 756 млн сом бөлгөн. Анын эсебинен чакан жана орто бизнес ээлерине 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз кредиттер берилип жатат.
Ушул эле, долбоордун алкагында 2023-жылга 2 млрд сом багытталды.
Комментарийлер