• Башкы бет
  • Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40% өстү
13:35, 2023-ж., 18-январь

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40% өстү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40% өстү

2022-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 10,5 млрд. долларды түзүп, мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 40,4% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин тышкы жана өз ара соода тууралуу бюллетенинде маалымдалды.

2021-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүү 7,5 млрд. доллар болгон эле. Анын 4,9 млрд. доллары импорт, 2,6 млрд. доллары экспорт болгон.

2022-жылдын январь-ноябрындагы сооданын 10,5 млрд. доллар сооданын 8,5 млрд. доллары импорт, 2 млрд. доллары экспорт болду.

Былтыркы 11 айдын эсебинде Кыргызстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү 2,9 млрд. долларга жетип, 1,5 эсе өстү. Мунун 2 миллиарддан ашыгы Москванын экспорту, 900 миллиондон ашыгы Бишкектин экспорту.

2022-жылдын 12 айынын жыйынтыгы чыга элек. Тышкы соода боюнча көрсөткүчтөр бир-эки ай кечигип эсептелет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук сатистика комитети

Комментарийлер

live comments feed...