• Башкы бет
  • Алты ай ичинде казынага 104,5 миллиард сом түштү
14:40, 2022-ж., 20-июль

Алты ай ичинде казынага 104,5 миллиард сом түштү

Алты ай ичинде казынага 104,5 миллиард сом түштү

Быйыл алты айдын ичинде бюджетке 104,5 миллиард сом түштү. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйында билдирди.

Ал эми, мамлекеттик казынанын жалпы чыгашасы 148,7 миллиард сомду түзгөн.

Бюджеттин киреше бөлүгүнө Бажы кызматынан 31 миллиард 726 миллион, Салык кызматынан 72,8 миллиард сом түшүп, былтыркыдан 53,4 %га өскөн. Чыгашалар 54,4 миллиард сомго көбөйгөн.

«Буга чейин өсүш 9-12% болуп мындай өсүү темпи катталган эмес. Салык кодексин башкаруу боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында ушул көрсөткүчкө жеттик»— деди Бакетаев.

Быйыл Министрлер кабинети жаңы Салык кодексин ишке киргизип мамлекеттик бюджетти 400 млрд. сомго, 2023-жылы 500 млрд. сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд. сомго жеткизүү боюнча план койгон.

Салык кызматы былтыр казынага 105 млрд. 714 млн. сомчогултуп, 2022-жылы 155,6 млрд. сом каражат жыйноону көздөөдө.

18-июлдан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери 6 айда аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат. Маалымат жыйындар 28-июлга чейин уланат. Бүгүн Финансы жана Экономика жана коммерция министрлери отчёт берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...