• Башкы бет
  • Ош облусуна бюджеттен 777 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн
13:49, 2023-ж., 20-сентябрь

Ош облусуна бюджеттен 777 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн

Ош облусуна бюджеттен 777 млн сомдон ашык акча бөлүнгөн

Финансы министрлиги 2023-жылдын 8 айына карата Ош облусуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, бул аралыкта облус боюнча бюджеттер аралык трансферттер катары 777,4 млн сом каражат бөлүнгөн, алар:

Теңдөөчү трансферт — 627,1 млн сом;

Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;

Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга — 16,3 млн сом;

Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга — 19,2 млн сом;

Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,

Мындан тышкары капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1,18 млрд сом бөлүндү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош облусу

Комментарийлер

live comments feed...