• Башкы бет
  • Орусия мигранттардын канча акча которгондугу боюнча маалыматты жарыялабайт
14:45, 2022-ж., 11-август

Орусия мигранттардын канча акча которгондугу боюнча маалыматты жарыялабайт

Орусия мигранттардын канча акча которгондугу боюнча маалыматты жарыялабайт

Орусиянын Борбордук банкы эмгек мигранттарынын чет жакка канча акча которгону тууралуу маалыматты купуя кармай турганын жарыялады. Бул тууралуу Борбордук банктын сайтында жазылган. Себеби айтылган эмес.

Буга чейин Орусиянын башкы каржы жөндөгүчү ар үч ай сайын чет элге чыгарылган акча тууралуу маалымат берип келген. Соңку ирет мындай маалымат мартта берилип, 2021-жылдын статистикасына негизделген.

Борбордук банктын расмий статистикасы тажикстандык ЖМКлар үчүн мигранттардын өз мекенине канча акча которорун аныктаган жалгыз булак болгон. Себеби расмий Душанбе акыркы он жылдан бери мигранттар которгон акча тууралуу маалымат бербейт.

Тажик экономисти Бахром Шарифов Батыш өлкөлөрү салган санкцияларга байланыштуу Орусия айрым маалыматтарды жашырууга тырышып жатат деп эсептейт. Анын билдиришинче, учурда мигранттардын акча которуулары гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн импортолгон товарлар жөнүндө статистика да купуя сакталууда.

Тажикстан экономикасы үчүн эмгек мигранттары которгон каражат өтө маанилүү. Айрым маалыматтарга караганда, ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн жашоо деңгээли мигранттар которгон акчадан көз каранды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...