• Башкы бет
  • Кыргызстандагы 11 банк чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берет
14:06, 2022-ж., 25-май

Кыргызстандагы 11 банк чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берет

Кыргызстандагы 11 банк чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берет

Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Биздин министрлик 11 банк менен кол койду, бул макулдашылды. Учурда 11 банк орто жана чакан бизнеске 1,5 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берилип жатат".

Депутат Жалолидин Нурбаев бул маалымат айрыкча региондорго жетпей жатканына токтолуп, банктардын тизмесин жарыялоону, түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүнү сунуштады.

Өкмөт учурда "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоорун ишке ашырып жатат жана анын алкагында бүгүнкү күндө 3 млрд. 396 млн. сомго 6 миң 746 насыя берилди. Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 млрд. 155 млн сомго, ал эми 241,4 млн. сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.

Кыргызстандын жер-жерлеринде өкмөт убада кылган пайызы төмөн насыя аз берилип жатканына нааразылар болгон.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...