13:01, -ж., 14-март
Улуттук банк бешинчи ирет интервенция жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-мартта Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 млн 170 миң доллар саткан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
11:30
-ж., 18-март
11:28
-ж., 18-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер