• Башкы бет
  • Улуттук банк: банк жана төлөм системаларына QR-код колдонуп, төлөмдөрдү жүргүзүүнү милдеттендирди
15:20, 2022-ж., 30-август

Улуттук банк: банк жана төлөм системаларына QR-код колдонуп, төлөмдөрдү жүргүзүүнү милдеттендирди

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук банк банк жана төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн QR-коддор колдонуларын жарыяланды.

Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, 24-августта “Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүүлөр киргизилген.

Ага ылайык, коммерциялык банктар, мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, алардын агенттери, 2022-жылдын 31-декабрына чейин кардарларга QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу жана соода-тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл.

Улуттук банк бул бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында жасалып жатканын белгиледи.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...