14:08
-ж., 29-февраль
Быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган акчалардын көлөмү өткөн жылдагыга салыштырмалуу төмөн. Мындай статистика Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Өлкөгө эң көп акча которуулар Орусиядан түшөт. Мисалы былтыр март айында ал жактагы эмгек мигранттары 209 миллион доллар которгон. Быйыл бул айда 139 миллион доллар түшкөн.
2022-жылдын январь айынан мартка чейин Кыргызстанга жалпы 518 млн. доллар которуу болду.
Акча которуулардын басымдуу бөлүгүн эмгек мигранттары камсыздайт. Орусиядан ай сайын 200 миллион долларга чейин акча которулуп турат.
Комментарийлер