• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров бюджеттин 35 млрд.сом тартыштыгын түшүндүрдү
18:16, 2022-ж., 21-ноябрь

Акылбек Жапаров бюджеттин 35 млрд.сом тартыштыгын түшүндүрдү

Акылбек Жапаров бюджеттин 35 млрд.сом тартыштыгын түшүндүрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылга тартыштык жалпы 35,4 млрд сомду түзүүдө.

«Дүйнө жүзүнүн бары 1988-жылы Эл аралык вальюта фонду бекитип берген методология менен иштейт. Ал 2001-жыл жаңырды. Ал методологияга ылайык, жыл бүтүп калса, бюджетке кирбей калган акчалардын бары ылдый жакка ресурска түшөт. Кийинки жылдын бюджетине дефицит катары кирет. Салыктан таппасаң, бөлөктөн таппасаң былтыркы жылдан калган акчанын бары таңкыстыкка эсептелет. Бирок мунун кирешеси дагы, чыгашасы дагы бар. Мисалы Жогорку окуу жайлар өздөрүнүн акчасын таап алган, алардын иштетүүсүнө уруксат беришибиз керек. Алардын эсебинде акчасы бар, биз аларга уруксат бергенде, аларды таңкыстык катары көрсөтүп жатабыз. Барына эле айтып келе жатам, насыянын бардыгы чыгашага отурат. Насыя алабызбы, грант алабызбы, алардын мөөнөтү жабылып бүтмөйүнчө, чыгашада отура берет. 14 млрд мамлекеттик инвестиция менен ратификациядан өткөн, акчасы бар, булагы бар, бирок биздин каржылык методология боюнча карыз болгондон кийин такай дефицитте отуруп турат. Ошондуктан 35 млрд таңкыстыкка чыгарганыбыз менен булактарын көрсөтүп жатабыз. Биз 10 млрд тегерегиндегилердин барын ички резервден баалуу кагаз чыгарып ичинен алып жатабыз. Эгерде сырткы карызды доллар менен алгандан көрө, 3 млрдды Кыргызстандын экономикасынын ичинен эле ала турган болсок, болгону 4,5 млрд сом гана төлөйбүз. Биз ошондуктан Американын, өнүккөн өлкөлөрдүн методологиясын колдоно баштадык. Биз экономиканын ичинде ички карызды көтөрүп жатабыз. Ички карызды сом менен тейлейбиз. Ошондуктан ички карыз азыр дефицитти жапканга жардам берди. Ошол 35 млрд сомдун киреше булактарынын баары бар жана быйыл жабылат. Пенсия, жөлөкпул барын жабабыз. Ошондуктан бул таңкыстыктан коркпошубуз керек» , — деди Жапаров.

Ошондой эле ал укук коргоо органдарына быйыл 18,5 млрд сом бөлүнгөндүгүн кошумчалады. Анын 2,6 млрд сому айлык акыга кетсе, калганы чек араны бекемдөөгө кеткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...