15:01, 2022-ж., 2-июнь

Доллардын баасы кайрадан төмөндөдү

Доллардын баасы кайрадан төмөндөдү

Улуттук банк 2-июнга карата АКШ долларынын курсун 79,5 сом деп бекитти. Бир күн мурда 81,5 сом болчу.

Өткөн жумада Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын курсу кайра өсө баштаган. 27-майда 1 АКШ доллары 83-84 сомдон сатылган.

21-майда АКШ доллары акыркы эки жылда биринчи жолу 80 сомдон ылдый түшкөн.

Дээрлик эки жылдай 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тарта кымбаттаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу базарга доллар сатып, кайра сатып алды. 18-майда 6 млн. доллар, 20-майда 20 млн. 550 миң сатып алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстандын каржы базарында айрым адамдар атайын ойноп жатканын, Орусиядан рубль киргизип, Кыргызстандан долллар чыгарып кетип жатканын билдирген.

Кыргызстанда баа доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттаган, курс төмөндөгөндөн бери баанын арзандашы байкала элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...