• Башкы бет
  • Интервенциянын таза көлөмү 295 миллион доллар болду,- Улуттук банк
14:40, 2022-ж., 29-декабрь

Интервенциянын таза көлөмү 295 миллион доллар болду,- Улуттук банк

Интервенциянын таза көлөмү 295 миллион доллар болду,- Улуттук банк

Кыргызстанда быйыл улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалды. Бул тууралуу бүгүн 29-декабрда Жогорку Кеңеште «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомдун долбоору талкууланып жатканда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

Анын айтымында, сегиз жолку интервенциянын, башкача айтканда, валюта базарына сатыкка доллар чыгаруунун жалпы суммасы 486,5 миллион доллар болду. Мындан тышкары 190,7 миллион доллар валюта базарынан сатылып алынды. Натыйжада, сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болду.

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков иштеп чыккан «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомдун долбоору талкууланып жатат. Анда коммерциялык банктар быйыл кардарлардын валютасын алмаштыруу, акча которуулардан комиссия кармап калуу сыяктуу кызматтары үчүн болуп көрбөгөндөй пайда табышканы, мунун айынан кардарлардын акчасы кыйла азайганы, баалар кымбаттаганы, буга карата чара көрүү зарыл экени айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук банк

Комментарийлер

live comments feed...