• Башкы бет
  • Өлкөдө коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 5 пайызга чейин комиссия алып жатат
14:40, 2022-ж., 8-август

Өлкөдө коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 5 пайызга чейин комиссия алып жатат

Өлкөдө коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 5 пайызга чейин комиссия алып жатат

Кыргызстанда коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 0,4 пайыздан 5 пайызга чейин комиссия алып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагаcынын орун басары Нурбек Жеңиш Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку геосаясий абалдан улам коммерциялык банктардын сырттан доллар сатып алуусунун чыгымы көбөйдү.

"Буга чейин биздеги банктар долларды Орусиядан алып келген. Бирок Орусияга салынган санкциялар жана бул өлкөгө келип түшкөн доллар, евронун токтотулганын эске алганда, жергиликтүү банктар нак доллар жана еврону ташып келүүгө аргасыз болууда", - деди Жеңиш.

Ал чет элдик валюта үчүн комиссиянын өлчөмүн өз чыгымына жараша коммерциялык банктар аныктай турганын кошумчалады.

Нурбек Жеңиш өлкөдөгү банктар чет өлкөлүк валютага комиссия боюнча өз кардарларына түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл экенин белгиледи.

Мындан сырткары Улуттук банктын өкүлү банкка чет өлкөлүк валюта менен депозит салган жарандар өз акчасын алган учурда эч кандай комиссия алынбасын эскертти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...