• Башкы бет
  • Салык төлөөчүлөр карыздарын убагында төлөбөсө, банктагы эсебинен чыгарылып алынат
14:16, -ж., 10-январь

Салык төлөөчүлөр карыздарын убагында төлөбөсө, банктагы эсебинен чыгарылып алынат

Салык төлөөчүлөр карыздарын убагында төлөбөсө, банктагы эсебинен чыгарылып алынат

Салык кызматы салык төлөөчүнүн карызы жөнүндө билдирүүнү Cabinet.salyk.kg жеке кабинети аркылуу жибере баштады. Жарандарга ыктыярдуу төлөө үчүн 15 күн берилет. Эгерде белгиленген убакытта карызын төкпөсө банктык эсебинен чыгарып алынат. 

Мындан тышкары өлкөдөн сыртка чыгууну чектөө, соттук өндүрүп алуу жана башка алдын-алуу чаралары көрүлөт. Буга байланыштуу Салык кызматы жарандарды жеке кабинетин текшерип турууну эскертти.

"Салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болсо, карызды төлөө жөнүндө билдирүү анын макулдугусуз Cabinet.salyk.kg жиберилет. Билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин салык төлөөчү өзүнүн "жеке кабинетине" киргендигине же кирбегендигине карабастан, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып беш күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет", -деп билдирди мекеме. 

Юрист Асылбек Куңгуров карызды банк эсебинен талашсыз өндүрүп алуу Баш мыйзамга каршы келерин билдирди. 12-беренеге ылайык, Кыргызстанда менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү бирдей деңгээлде таанылат жана корголот. Ошондой эле менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык кызматы

Комментарийлер

live comments feed...