• Башкы бет
  • Салык кызмат: январдан тартып электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү
14:52, -ж., 10-июнь

Салык кызмат: январдан тартып электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү

Салык кызмат: январдан тартып электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү

Салык кызматы жаңы салык кодексине ылайык 1-январдан тартып электрондук кызмат көрсөткөн бардык чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү экенин эскертти. 

Мындай өзгөртүүдөн улам, чет өлкөлүк уюмдар аралыктан салыктык каттоодон өтүшү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервиси ишке кирди. Ал чет өлкөлүк уюмга:

§КНС төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө;

§идентификациялык салык номерин алууга;

§салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Быйыл электрондук соода түйүндөрүнө анин ичинде Google же Meta (Фейсбук) сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардан салык алынмай болгон.

Бул ишканаларга таандык социалдык тармактарда товар жүгүртүү, жарнама, пиар сыяктуу кызат көрсөткөнүүлөр, интернет түйүнү аркылуу электрондук китептерди жана башка билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, музыкалык чыгармаларды тексти менен же тексти жок, аудиовизуалдык чыгармаларды пайдалануунун баары электрондук түрдө кызмат көрсөтүү деп эсептелет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...