• Башкы бет
  • Эл аралык валюта фондунун башчысы 2023-жылы дүйнөлүк экономика үчүн оор жыл болорун айтты
12:28, 2023-ж., 5-январь

Эл аралык валюта фондунун башчысы 2023-жылы дүйнөлүк экономика үчүн оор жыл болорун айтты

Эл аралык валюта фондунун башчысы 2023-жылы дүйнөлүк экономика үчүн оор жыл болорун айтты

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башчысы Кристалина Георгиева 2023-жыл дүйнөлүк экономиканын чоң бөлүгү үчүн оор жыл болорун айтты. Анткени, дүйнөлүк экономиканын үч негизги «мотору» — АКШ, Европа жана Кытайдын экономикалык өсүүсү басаңдайт, — деп билдирген CBS телеканалынын эфиринде.

«Жаңы жыл биз артка таштаган 2022-жылдан да оор болот. Эмне үчүн? Себеби дүйнөнүн негизги үчилтиги АКШ, Европа жана Кытайдын экономикасы бирдей убакытта басаңдап жатат», — деген Эл аралык валюта фондунун башчысы.

Өткөн жылдын октябрында ЭВФ дүйнөлүк экономиканын өсүүсү 2023-жылы жайлай турганын божомолдогон. Буга Орусия-Украина согушу, борбордук банктардын инфляцияга басымы жана жогорку пайыздык чендер таасир этүүдө деп айтылган.

Кристалина Георгиеванын айтымында, соңку 40 жылда Кытайдын экономикасы алгачкы жолу дүйнөлүк экономика менен бирдей темпте же андан да төмөнүрөөк болот. Ошондой эле азыркы тапта Кытайда COVID-19га байланыштуу кырдаал да экономикага чоң сокку урушу мүмкүн.

Ал эми АКШнын экономикасы тууралуу «АКШнын экономикасы өзгөчөрөөк, алар рецессиянын алдын алышы мүмкүн. Анткени АКШнын экономикасы дагы да туруктуу жана эмгек рыногу жетиштүү деңгээлде күчтүү», — деп кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Дүйнөлүк экономика

Комментарийлер

live comments feed...