• Башкы бет
  • Улуттук банк баткендиктерге насыянынын документтерин жеңилдетет
18:02, 2022-ж., 19-ноябрь

Улуттук банк баткендиктерге насыянынын документтерин жеңилдетет

Улуттук банк баткендиктерге насыянынын документтерин жеңилдетет

Улуттук банк Баткен облусунда жашаган же чарба ишин жүргүзгөн кредит алуучуларга документтер боюнча талаптарды жеңилдетүү эрежелери каралган токтом кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Токтомго ылайык, коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» ААКка Баткендик жарандардын кредит алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароо жана кредит берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү сунушталган. 

Банктар кредит боюнча кепилдиктерди берүүдө жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документти же мамлекеттик каттоосуз ишкердик жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин (патенттин) көчүрмөсүн карыз алуучудан талап кылбоого укуктуу. 

 Баткен областында чарба ишин жүргүзгөн юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден кредит алуу максатында эсеп ачууда салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө документин берүүсүн талап кылбоого укуктуу.

Банктар кредит алуу үчүн арыз менен банкка биринчи жолу кайрылган, Баткен областында жашаган карыз алуучуларга 200 000 сомго чейин, ал эми мурда ушул банктан кредит алган банк кардарларына 500 000 сомго чейинки өлчөмдө кредит берүүгө укуктуу.

Мындан тышкары, карыз алуучуларга кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-майына чейин колдонулат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Улуттук банк #Баткен облусу #Насыя

Комментарийлер

live comments feed...