• Башкы бет
  • Кыргызстанда бир кредитордун карызы тышкы карыздын 45 пайызынан ашпашы керек
14:20, 2022-ж., 11-июль

Кыргызстанда бир кредитордун карызы тышкы карыздын 45 пайызынан ашпашы керек

Кыргызстанда бир кредитордун карызы тышкы карыздын 45 пайызынан ашпашы керек

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын бир кредитордон алган карызы өлкөнүн тышкы карызынын 45% ашпашы керек деп аныктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-июлда кол койгон “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомдо айтылат. Анда мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруунун жол-жобосу каралган. Кыргыз өкмөтү бул багытта бир кредитордун карызынын кескин көбөйүшүн алдын алуу чараларын аныктаган.

Мындан сырткары токтомдо мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү өлкөнүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмүнүн 70% ашпашы керектиги белгиленген.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы 2022-жылдын апрелине карата 5 млрд. 92 млн. долларды түздү. Анын ичинен ички карыз 901 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 191 миллион долларга жеткен.

Булардын ичинен Кыргызстан эң көп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз. Финансы министрлиги июль айында бул банкка өлкө 1 миллиард 794 миллион доллар же 147 миллиард 304 миллион сомдон ашык бересе экенин билдирди. Бул жалпы тышкы карыздын 42,8 пайызын түзөт. Быйыл өкмөт бул банкка 111,73 миллион доллар карызды төлөөнү пландап жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...