• Башкы бет
  • Кыргызстанда орточо айлык 26 миң сомду түздү
13:36, 2023-ж., 13-январь

Кыргызстанда орточо айлык 26 миң сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 26 миң сомду түздү

Кыргызстанда өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен орточо айлык акы 25 миң 711 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифинг учурунда кабарлады.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу өсүү 1,3 пайызды түздү.

Маданият, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу, тоо-кен, курулуш жана транспорт тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айлык

Комментарийлер

live comments feed...