14:08
-ж., 29-февраль
Былтыры салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында бюджетке 19,7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген.
Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр 22,8 млрд сомду түзгөн. Бул 2021-жылга салыштырганда 16,9 млрд сомго көп болгон.
Былтыры салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы 4,1 млрд сом суммасында салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөтүлгөн.
Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан салыктарды жашыруу боюнча маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө.
Комментарийлер