• Башкы бет
  • Орусиянын экономикасы төмөндөөнү улантат,-РИА Новости
15:16, 2023-ж., 3-январь

Орусиянын экономикасы төмөндөөнү улантат,-РИА Новости

Орусиянын экономикасы төмөндөөнү улантат,-РИА Новости

РИА Новости маалымат агенттиги талдоочулардын болжолдоруна таянып, 2023-жылы Орусиянын экономикасы төмөндөөнү улантарын билдирди. Бирок төмөндөө темпи өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2,8%дан 2,5%га басаңдайт, деп жазат "Марал" радиосу.

2022-жылы жазында Орусияга каршы көптөгөн санкция киргизилгенден кийин орусиялык ведомстволор да, эл аралык уюмдар да бул өлкөнүн экономикасы боюнча болжолдоолорду беришкен, анын баарында пессимисттик көрсөткүчтөр айтылат.

Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги үчүн өткөн жылы ИДПнын 7,8% га төмөндөшү күтүлгөн жагдай болгон. Бул 2009-жылдагы кризистик жылдагыдай деп айтылат. Жайга карата прогноздор кайра карала баштады, күзгө карата алар кыйла жакшырды.

Соңку расмий божомолдорго ылайык, Экономикалык өнүгүү министрлиги Орусиянын экономикасы 2022-жылы 2,9%, 2023-жылы 0,8% төмөндөйт деп күтүүдө.

Ал эми Россия банкы ИДП былтыркы жылдын аягында 3-3,5%, быйылкы жылы 1-4 пайызга төмөндөшүн болжолдогон.

Каржы министри Антон Силуанов декабрда 2022-жылы ИДПнын төмөндөшү 2,7% түзөрүн, ал эми 2023-жылы андан да төмөн болору болжолдонуп жатканын айткан.

Эксперттердин пикиринде, Орусиянын экономикасынын төмөндөшүнө себеп болгон жагдайлар мунай санкцияларынан жана башка өлкөлөрдө өсүп жаткан көйгөйлөрдөн улам болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орусия

Комментарийлер

live comments feed...