• Башкы бет
  • Чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөтүлдү
12:40, 2022-ж., 7-декабрь

Чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөтүлдү

Чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөтүлдү

Ушул жылдын декабрь айынан тарта жылдык кирешеси 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи 5 жылга төмөндөтүлдү.

Салык кызматынан билдиришкендей, бул чакан жана орто ишкердиктин колдоо, өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында ишке ашууда.

«2022-жылдын 4-ноябрындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген. Бул жылдык кирешеси 30 млндон ашпаган ишканаларга тиешелүү. Ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт», — деп айтылат маалыматта.

Төмөндөтүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери;

Жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо – 27,25 %дан 22 %га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12 % жана жумушчудан 10 %);

Жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо –27,25 %дан 14 %га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4 % жана жумушчудан 10 %).

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан 0,25 % алып салынган.

Ошону менен бирге тарифтик ставкалар боюнча 27,25% төлөгөн бардык төлөөчүлөр үчүн – жумуш берүүчү жумушчулары үчүн төлөй турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык кызматы

Комментарийлер

live comments feed...