• Башкы бет
  • Ош шаарында Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү белгиленди
14:54, 2022-ж., 7-июнь

Ош шаарында Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаарында Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаарынын мэриясында каржы тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы катышты.

Марс Исаевдин айтымында, каржы тармагынын кызматкерлери шаардын экономикалык өнүгүүсүндө чоң роль ойноп, анын экономикалык потенциалынын өсүшүнө салым кошууда.

Шаардын каржы тармагынын кызматкерлери, анын ичинде чарбалык бөлүмдөрдүн бухгалтерлери жана адистери, банк жана микрокредиттик компаниялардын кызматкерлери Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Экономикалык потенциалды жогорулатуу, каржы тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, шаардын коомдук-саясий иштерине активдүү катышкандыгы үчүн 25ке жакын адам сыйланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...