• Башкы бет
  • Бажы кызматы былтыр 74 миллиарддан ашык акча чогултту
13:19, 2023-ж., 13-январь

Бажы кызматы былтыр 74 миллиарддан ашык акча чогултту

Бажы кызматы былтыр 74 миллиарддан ашык акча чогултту

Мамлекеттик бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирди.

Бул тууралуу кызматтын төрагасы Самат Исабеков 12-январда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында маалымат берди.

Өкмөт 2022-жылдын башында Бажы кызматына 98,5 миллиард сом чогултуу планын койгон. Жыл этегинде бюджетке өзгөртүүлөр кирип, бажы тармагына коюлган пландын көлөмү 73,7 миллиардга түшкөн. Бул жааттан алып караганда, өткөн жылы бажы алымдарын чогултуу көлөмү баштапкы пландан 24,2 млрд. сомго аз аткарылды.

Өкмөт бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнүн азайышы Украинадагы согуштан улам Орусияга жана Беларуска салынган санкцияларга байланыштуу экенин түшүндүргөн.

Декабрь айы аяктап жатканда парламент 2022-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизген. Буга бюджеттин чыгымы 35,4 млрд. сомго өсүп кеткени жана кирешелерди чогултууда бажы төлөмдөрү 25 млрд. сомго чукул аз аткарылып жатканы негиз болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бажы кызматы

Комментарийлер

live comments feed...