• Башкы бет
  • Салык кызматы сентябрга чейин салык жана камсыздандыруудан 158 млрд сомдон ашык акча чогултту
12:05, 2023-ж., 6-сентябрь

Салык кызматы сентябрга чейин салык жана камсыздандыруудан 158 млрд сомдон ашык акча чогултту

Салык кызматы сентябрга чейин салык жана камсыздандыруудан 158 млрд сомдон ашык акча чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-август айларында 158 млрд 25,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,1 млрд сомго көп жыйналган.

Чогулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Салык кызматы

Комментарийлер

live comments feed...