• Башкы бет
  • Былтыркы жылы маяна 200% чейин жогорулаган
13:48, 2023-ж., 23-январь

Былтыркы жылы маяна 200% чейин жогорулаган

Былтыркы жылы маяна 200% чейин жогорулаган

Былтыр эмгек акыларды жогорулатууга 32,2 млрд. сом сарпталып, маяна 200%га чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Эмгек акы маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо кызматкерлерине 200%, билим берүү кызматкерлерине 180% чейин кошулган.

Ошондой эле:

§медициналык кызматкерлерине 150% чейин;

§мамлекеттик жарандык кызматчылардын 181% чейин;

§муниципалдык кызматчылардын 177% чейин;

§мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 172% чейин;

§техникалык тейлөөчү персоналдын 160% чейин;

§кенже тейлөөчү персоналдын 150% чейин;

§бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин көбөйгөн.

1-октябрда прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Каржы министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...