• Башкы бет
  • Кыргызстан ьюджетти колдоо үчүн донорлордон 30 млрд.сом алат
11:28, 2022-ж., 23-ноябрь

Кыргызстан ьюджетти колдоо үчүн донорлордон 30 млрд.сом алат

Кыргызстан ьюджетти колдоо үчүн донорлордон  30 млрд.сом алат

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 2022-жылдын он айында донорлордон 12,1 миллиард сом алды. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн каржы министри Алмазбек Бакетаев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар быйыл бюджетти колдоо үчүн канча каражат алуу пландалганына кызыгышты.

«2022-жылдын 10 айында 12,1 миллиард сом алдык. Жыл соңуна чейин 30 миллиард 600 миллион болот», – деди министр.

Октябрда каржы министринин орун басары Руслан Татиков Министрлер кабинети акыркы 10 айдын ичинде эл аралык каржы институттарынан бюджетти колдоого 180 миллион доллар алганын, анын 50 миллиону грант болгонун айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
##Бюджет #Казына

Комментарийлер

live comments feed...