• Башкы бет
  • Өлкөдөн накталай валютаны алып чыгууга тыюу салынды
13:58, 2023-ж., 17-январь

Өлкөдөн накталай валютаны алып чыгууга тыюу салынды

Өлкөдөн накталай валютаны алып чыгууга тыюу салынды

Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды.

Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат.

Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.

Министрлер кабинети коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга былтыр 11-марттан тарта накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук банк

Комментарийлер

live comments feed...