• Башкы бет
  • Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиард доллардан ашык акча которулду
14:47, 2023-ж., 11-январь

Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиард доллардан ашык акча которулду

Кыргызстандан чет өлкөлөргө 1 миллиард доллардан ашык акча которулду

2022-жылдын 11 айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө жеке адамдар 1 миллиард 82,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат которду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Четке акча каражат күз айларында рекорддук суммада чыккан. Сентябрда 170,4 млн., октябрда 160,4 млн., ноябрда 142,8 млн. доллар каражат которулган.

Чет жактан Кыргызстанга которуулардын көлөмү 11 айда 2 миллиард 737,8 миллион доллар болду. Которуулар күз айларында дээрлик 18% азайып кеткен. Ноябрь айында Орусиядан 223,8 млн. доллар, алыскы чет өлкөлөрдөн 12,4 млн. доллар келген.

Орусия Украинага кол салгандан кийинки санкциялардан улам валюталар курсу олку-солку боло баштаганда Улуттук банк акча которуулар боюнча айрым чектөөлөрдү киргизген.

Кыргызстанда жыйырмадан ашуун коммерциялык банк бар, аларды Улуттук банк көзөмөлдөйт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуттук банк

Комментарийлер

live comments feed...