16:12, 2023-ж., 28-февраль

УКМК салык кызматкерин кармады

УКМК салык кызматкерин кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, документтештирилди.

«Башкы салык инспектор Т.Б. «Э.О.» ЖЧКсын текшерүү учурунда кышкы дизелдик күйүүчү майга Салык кодексинде белгиленген акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда Т.Б.нын аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда, жана «Э.О» ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет»,— деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...