• Башкы бет
  • Кыргызстанда акча которуу эрежелери убактылуу өзгөрөт
12:10, 2022-ж., 19-апрель

Кыргызстанда акча которуу эрежелери убактылуу өзгөрөт

Кыргызстанда акча которуу эрежелери убактылуу өзгөрөт

Улуттук банк өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында акча которуулар системасы боюнча эрежелерге убактылуу өзгөртүү киргизилгенин билдирди.

Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат.

Улуттук банк Кыргызстандын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча талаптарды белгилеген. Ага ылайык, акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргызстандын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма түрүндө конвертацияланышы мүмкүн.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өскөн.

Анын таасири Кыргызстанга тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыкты.

Соңку аптада валюта рыногунда абал олку-солку болуп турат. Жарандар чет өлкөдөн которгон акчасын, өзгөчө доллар менен ала албай жатканын айтышууда. Бир топ банктар чектөө киргизип, 500 доллардан ашык акча ала албай жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...