• Башкы бет
  • "Керемет Банктын" төрагасынын орун басары камакка алынды
14:08, 2022-ж., 23-декабрь

"Керемет Банктын" төрагасынын орун басары камакка алынды

"Керемет Банктын" төрагасынын орун басары камакка алынды

“Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынды. Бул маалыматты 22-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады, деп жазат "Азаттык" радиосу.

Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2023-жылдын 14-февралына чейин камакта болору маалымдалды, ал эмне себептен гауптвахтага киргизилгени айтылган жок.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме ушул айдын башында “Керемет Банктын” айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Дадыбаев буга чейин коопсуздук системасында бир нече жыл иштеп келген. Андан тышкары банктын Бишкек филиалынын директору жана банктын эки кызматкери кармалганын айрым маалымат каражаттары жазып жатышат, бирок расмий органдар муну азырынча тастыктай элек.

«Керемет Банк» коммерациялык банкынын акцияларынын 97,45% ээси болуп 2018-жылдан бери Улуттук банк эсептелет. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган. «Керемет Банк» мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия УниверсалБанктын” негизинде түзүлгөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Керемет Банк

Комментарийлер

live comments feed...