• Башкы бет
  • Салыктан алты айда 85 миллиард сомдон ашык акча жыйналды
15:19, 2022-ж., 2-август

Салыктан алты айда 85 миллиард сомдон ашык акча жыйналды

Салыктан алты айда 85 миллиард сомдон ашык акча жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджетке 85 млрд. 988,9 млн. сом салык жыйнады.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул белгиленген пландан 1 млрд. 349,4 млн. сомго көп (101,6%), же болбосо былтыркы ушул мезгилге салыштырганда 30 млрд. 442,1 млн. сом көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%).

Мекеме планды ашыгы менен аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө иштеринин майнаптуулугу өз таасирин тийгизди деп эсептейт.

Салык кызматы "СМАРТ салым" санарип долбоорун иштете баштаган. Ошондой эле электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машиналар системасын ишке киргизген. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы колдонулууда.

Өлкөдө ар кандай эсептөөлөр боюнча көмүскө экономика 40% түзөрү айтылып келет. Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы жыйын маалында 2021-жылы 105 млрд. сом салык жыйналганын, быйыл болжол менен 155 млрд. сом салык топтолору күтүлүп жатканын айткан.

Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү төгөт. Өткөн айда Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдагы салык төлөөчүлөрдүн арасынан 23 компанияны мыкты деп таап, аларга сыйлык тапшырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...